419-статья. Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиянын чечимдеринин аткарылышы
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 42-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиянын чечими даттануу берүү үчүн каралган 10 күн өткөндөн кийин 3 күндүн аралыгында аткарылууга тийиш. Комиссиянын чечими белгиленген мөөнөттө аткарылбаган учурда эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссия кызматкерге аткаруу документи болуп саналган күбөлүк берет. Эгерде кызматкер же иш берүүчү белгиленген мөөнөттө эмгек талаш-тартыштарын сотко которуу жөнүндө арыз менен кайрылса, күбөлүк берилбейт. Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссия берген жана аны алгандан кийин 3 айдан кеч эмес мөөнөттө көрсөткөн күбөлүктүн негизинде сот аткаруучусу эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиянын чечимин мажбурлоо жолу менен ишке ашырат. Кызматкер белгиленген 3 айлык мөөнөттү жүйөлүү себептер боюнча өткөрүп жиберген учурда эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссия ушул мөөнөттү калыбына келтирет.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
419-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-419" title="419-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>