# 417-статья. Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссияда жекече эмгек талаш-тартышты кароонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 42-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-417>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-417.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 417-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-417

---

Кызматкердин эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссияга келип түшкөн арызын аталган комиссия милдеттүү түрдө каттоого тийиш. Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссия жекече эмгек талаш-тартыштарды кызматкер арыз берген күндөн баштап 10 күндүн ичинде кароого милдеттүү. Талаш-тартыш арыз берген кызматкердин же ыйгарым укуктуу өкүлдүн катышуусу менен каралат. Талаш-тартышты кызматкер же анын өкүлү жокто кароого анын жазуу жүзүндөгү арызы болгондо гана жол берилет. Кызматкер же анын өкүлү комиссиянын жыйналышына келбей калса, арызды кароого кийинкиге калтырылат. Жүйөлүү себепсиз экинчи жолу келбей калган учурда, комиссия арызды кароодон алып салуу жөнүндө чечим чыгара алат, бул болсо кызматкерди эмгек талаш-тартыштарын кароо тууралу арызды ушул Кодексте белгиленген мөөнөттүн ичинде кайрадан берүү укугунан ажыратпайт. 14төн 16 жашка чейинки курактагы кызматкерлердин жекече эмгек талаш-тартыштары ата-энелеринин биринин же камкорчунун (көзөмөлчүнүн) катышуусу менен каралат. Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссия жыйналышка күбөлөрдү, адистерди чакырууга укуктуу. Комиссиянын талабы боюнча уюмдун жетекчиси белгиленген мөөнөттө зарыл документтерди берүүгө милдеттүү. Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиянын жыйналышы, эгерде ага кызматкерлердин өкүлдөрүнүн жарымынан кем эмеси жана иш берүүчүнүн өкүлдөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу болуп эсептелет. Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиянын жыйналышында протокол түзүлөт, ага комиссиянын төрагасы же төраганын орун басары кол коет жана комиссиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

---

Мурунку берене: [416-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-416)  
Кийинки берене: [418-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-418)
