Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
417-статья. Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссияда жекече эмгек талаш-тартышты кароонун тартиби
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 42-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Кызматкердин эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссияга келип түшкөн арызын аталган комиссия милдеттүү түрдө каттоого тийиш. Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссия жекече эмгек талаш-тартыштарды кызматкер арыз берген күндөн баштап 10 күндүн ичинде кароого милдеттүү. Талаш-тартыш арыз берген кызматкердин же ыйгарым укуктуу өкүлдүн катышуусу менен каралат. Талаш-тартышты кызматкер же анын өкүлү жокто кароого анын жазуу жүзүндөгү арызы болгондо гана жол берилет. Кызматкер же анын өкүлү комиссиянын жыйналышына келбей калса, арызды кароого кийинкиге калтырылат. Жүйөлүү себепсиз экинчи жолу келбей калган учурда, комиссия арызды кароодон алып салуу жөнүндө чечим чыгара алат, бул болсо кызматкерди эмгек талаш-тартыштарын кароо тууралу арызды ушул Кодексте белгиленген мөөнөттүн ичинде кайрадан берүү укугунан ажыратпайт. 14төн 16 жашка чейинки курактагы кызматкерлердин жекече эмгек талаш-тартыштары ата-энелеринин биринин же камкорчунун (көзөмөлчүнүн) катышуусу менен каралат. Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссия жыйналышка күбөлөрдү, адистерди чакырууга укуктуу. Комиссиянын талабы боюнча уюмдун жетекчиси белгиленген мөөнөттө зарыл документтерди берүүгө милдеттүү. Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиянын жыйналышы, эгерде ага кызматкерлердин өкүлдөрүнүн жарымынан кем эмеси жана иш берүүчүнүн өкүлдөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу болуп эсептелет. Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиянын жыйналышында протокол түзүлөт, ага комиссиянын төрагасы же төраганын орун басары кол коет жана комиссиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-417" title="417-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>