# 414-статья. Жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо боюнча органдарга кайрылуунун мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 42-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2012-года № 59 "О внесении изменения в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203659)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505#diff=1220586..1220587>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-414>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-414.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 414-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-414

---

Кызматкер жекече эмгек талаш-тартыштарды чечүү боюнча өзүнүн укуктары бузулгандыгы жөнүндө билген күндөн тартып 3 айдын ичинде, ал эми жумуштан бошотуу жөнүндө талаш-тартыштар боюнча жумуштан бошотуу тууралу буйрук менен таанышкандан же эмгек китепчеси берилген күндөн тартып 2 айдын ичинде жекече эмгек талаш-тартыштарын кароочу органдарга кайрылууга укугу бар. Иш берүүчү кызматкер тарабынан уюмга келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаш-тартыштар боюнча келтирилген зыян билинген күндөн тартып 1 жылдын ичинде сотко кайрылууга укугу бар. Доонун эскириши эмгек акыны өндүрүүгө карата колдонулбайт. Ушул статьяда көрсөтүлгөн мөөнөттөр кызматкердин прокуратура органдарына, эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына (кесиптик бирликтердин эмгек инспекциясына) кайрылганда да колдонулат. Жүйөлүү себептер боюнча белгиленген мөөнөттөр өтүп кетсе, алар тийиштүүлүгүнө жараша эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссия же сот аркылуу калыбына келтирилиши мүмкүн. (КР 2012-жылдын 18-майындагы № 59, 2015-жылдын 20-июлундагы № 179 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [413-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-413)  
Кийинки берене: [415-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-415)
