# 413-статья. Эмгек талаш-тартыштарын кароо тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 42-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-413>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-413.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 413-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-413

---

Жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо тартиби ушул Кодекс, башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат, ал эми мындан тышкары ушул талаш-тартыштарды сотто чечүү тартиби Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик мыйзамдары менен аныкталат. Кызматкерлердин айрым категорияларынын жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет. Ушул Кодекс менен белгиленген эмгек талаш-тартыштарын кароо тартиби коомдук уюмдарда шайлануучу акы төлөнүүчү кызматтарды ээлеген кызматкерлерге карата колдонулбайт. Шайлануучу кызматкерлерди мөөнөтүнөн мурда жумуштан бошотуу аларды шайлаган органдардын чечими боюнча гана болушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [412-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-412)  
Кийинки берене: [414-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-414)
