# 409-статья. Эмгек жөнүндө мыйзамдарды бузбай сактоо үчүн коомдук контроль

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 41-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-409>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-409.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 409-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-409

---

Эмгек укуктарынын, жамааттык келишимдердин ченемдерин камтыган эмгек мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды бузбай сактоо боюнча коомдук контроль алардын кызыкчылыктарын көздөгөн кесиптик бирликтер тарабынан жүзөгө ашырылат. Кесиптик бирликтер эмгек мыйзамдарын бузбай сактоо боюнча контролду жүзөгө ашырышат. Ушул иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн тиешелүү мыйзамдарда жана кесиптик бирликтер жөнүндө жоболордо ыйгарым укуктары аныкталган кесиптик бирликтердин укуктук жана техникалык эмгек инспекциялары түзүлөт.

---

Мурунку берене: [408-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-408)  
Кийинки берене: [410-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-410)
