Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
404-статья. Уюмдарды инспекциялоонун тартиби
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 41-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Мамлекеттик эмгек инспекторлору эмгек жөнүндө мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды сактоо боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында алардын уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан кандай уюмдарды болбосун инспекциялайт. Эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы мамлекеттик инспектору инспекциялык текшерүүдө иш берүүчүгө же анын өкүлүнө өзүнүн келгендиги тууралу кабарлоого, эгерде ал мындай кабарлоо контролдун натыйжалуулугуна зыян келтирбейт деп эсептегенде гана билдирүүгө милдеттүү. Куралдуу Күчтөрдүн, чек ара кызматынын уюмдары, коопсуздук, ички иштер органдары, башка укук коргоо органдары, түзөтүү мекемелери, коргоо өнөр жайлары менен эмгек келишимдери түзүлгөн кызматкерлердин эмгегин жөнгө салууга карата инспекциялык текшерүү төмөнкүлөрдү караган текшерүүнүн өзгөчө тартиби менен жүргүзүлөт:
- кирүүгө күн мурунтан тиешелүү уруксат алган мамлекеттик эмгек инспекторлору үчүн гана уруксат;
- текшерүүнү белгиленген убакытта жүргүзүү;
- кысталыш, согуш аракеттеринин мезгили деп жарыяланганда, маневрлардын же аскер машыгуулардын учурунда текшерүүлөрдү жүргүзүүнү чектөө.
Инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн өзгөчө тартиби мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-404" title="404-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>