# 403-статья. Мамлекеттик эмгек инспекторлорунун милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 41-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-403>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-403.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 403-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-403

---

Мамлекеттик эмгек инспекторлору көзөмөлдөө-контролдоо ишин жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, эмгек жөнүндө мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызмат адамдарынын жана органдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды сактоого милдеттүү. Мамлекеттик эмгек инспекторлору өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда алынган, ошондой эле ал кызматтан бошонгондон кийин мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык жана мыйзам менен корголгон башка сырларды сактоого, эмгек жөнүндө мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын жоболорун бузуу же кемчиликтер боюнча кандай болбосун даттануулардын булагын конфиденциалдуу деп эсептөөгө, эгерде текшерүү анын кайрылуусуна байланыштуу жүргүзүлүп, ал эми арыздануучу даттануунун булагы жөнүндө иш берүүчүнүн айткандарына каршы болсо арыздануучу тууралу иш берүүчүгө маалыматтарды берүүдөн баш тартууга тийиш. Эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызмат адамдары тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасы ратификациялаган эмгек инспекциясынын маселелери боюнча Эл аралык эмгек уюмунун конвенциялары, ушул Кодекс, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [402-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-402)  
Кийинки берене: [404-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-404)
