# 40-статья. Жамааттык келишимдерге катышкан адамдарга кепилдиктер жана компенсациялар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 40-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-40

---

Жамааттык сүйлөшүүлөргө, жамааттык келишимдин, макулдашуунун долбоорун даярдоого катышуучу адамдар тараптардын макулдашуусунда аныкталган мөөнөткө, бирок 3 айдан ашырбастан орточо эмгек акысын сактоо менен негизги ишинен бошотулат. Жамааттык сүйлөшүүлөргө катышууга байланышкан бардык чыгымдар мыйзамдарда, жамааттык келишимдерде жана макулдашууларда каралган тартипте компенсацияланат. Эгерде жамааттык келишимде, макулдашууда башкача каралбаса, чакырылган эксперттердин жана адистердин кызматына акыны, чакырган тарап төлөйт. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мезгилинде аларга катышуучу кызматкерлердин өкүлдөрү өкүлчүлүккө ыйгарым укуктуу органдын алдынала макулдугусуз тартиптик жазага тартылышы, ушул Кодексте, башка мыйзамдарда иштен бошотуу каралган күнөөгө кириптер кылуучу иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн, эмгек келишими бузулган учурларды кошпогондо иш берүүчүнүн демилгеси боюнча башка ишке которулууга же жумуштан бошотулууга тийиш эмес.

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-39)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-41)
