# 395-статья. Аскер кызматы каралган Куралдуу Күчтөрдүн уюмдарында жана аткаруу бийлигинин органдарында иштеген адамдардын эмгегин жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 39-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-395>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-395.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 395-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-395

---

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аскер кызматы каралган аскер бөлүктөрүндө, мекемелеринде, аскер-окуу жайларында, Куралдуу Күчтөрдүн башка уюмдарында жана аткаруу бийликтин органдарында иштөө жөнүндө эмгек келишимин түзгөн кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган өзгөчөлүктөр менен эмгек мыйзамдары колдонулат. Кызматкерлер үчүн ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдардын, мекемелердин жана уюмдардын милдеттерине ылайык эмгек акынын өзгөчө шарттары, ошондой эле кошумча жеңилдиктер менен артыкчылыктары белгиленет.

---

Мурунку берене: [394-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-394)  
Кийинки берене: [396-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-396)
