# 386-статья. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерин ЧУИ чакырып алуу үчүн кошумча негиздер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 июля 2013 года № 141 "О внесении дополнений и изменений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203949)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505#diff=1220590..1220591>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-386>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-386.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 386-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-386

---

Ушул Кодексте жана башка мыйзам актыларында каралган негиздерден тышкары, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ЧУИ жиберилген кызматкери ЧУИ төмөнкү учурларда чакыртылышы мүмкүн:

1) барган өлкөдө өзгөчө кырдаал пайда болгондо;

2) кызматкерди "нон грата" персонасы деп жарыялаганда же болбосо барган өлкөдө анын кабыл алынбастыгы тууралуу жергиликтүү компетенттүү бийликтерден кабарлама алганда;

3) кызматкер барган өлкөнүн каада-салттарын жана мыйзамдарын, ошондой эле жүрүм-турумдун жана моралдын жалпы кабыл алынган ченемдерин сактабаганда;

4) кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн барган өлкөнүн мыйзамдарын, жүрүм-турумдун жана моралдын жалпы кабыл алынган ченемдерин, ошондой эле чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын тийиштүү дипломатиялык кызмат органынын аймагында колдонулган жашоо эрежелерин сактабаганда;

5) эмгек милдеттерин, ошондой эле кызматкер тааныштырылган режимдик талаптарды бир жолу одоно бузганда;

6) 2 айдан узак созулган убактылуу эмгекке жарамсыздыкта же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте бекитилген оорулардын тизмесине ылайык, чет өлкөдө иштөөгө тоскоолдук кылган оорусу болгондо.

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган негиздердин бири боюнча ЧУИ чакыртып алууда, ЧУИ кеткенге чейин тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, ага караштуу органда же Кыргыз Республикасынын аймактык бирдиктериндеги анын өкүлчүлүктөрүндө кызмат ордун ээлебеген кызматкерлерди иштен бошотуу ушул Кодекстин 79-статьясынын 2-пункту боюнча жүргүзүлөт. (КР 2013-жылдын 15-июлундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [385-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-385)  
Кийинки берене: [387-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-387)
