# 381-статья. Педагогикалык кызматкери менен эмгек келишимин бузуу үчүн кошумча негиздер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 35-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-381>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-381.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 381-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-381

---

Ушул Кодекс жана башка мыйзамдар менен каралган негиздерден тышкары билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкери менен эмгек келишими төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:

1) билим берүү уюмунун уставын 1 жылдын ичинде кайталап одоно бузганда;

2) окуучуга, тарбиялануучуга карата күч колдонуп жана (же) психикалык зомбулук көрсөтүшүнө байланышкан тарбиялоо усулдарын, анын ичинде бир жолу пайдаланганда;

3) мамлекеттик жана муниципалдык кесиптик жогорку уюмдарынын билим берүү уюмдарынын ректорлору, проректорлору, факультеттердин декандары, филиалдардын (институттардын) жетекчилери 65 жашка чыкканда.

---

Мурунку берене: [380-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-380)  
Кийинки берене: [382-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-382)
