# 378-статья. Кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын кызматкерлери менен эмгек келишими

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 35-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 165 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам образования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112658)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 165 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам образования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112658); 11.11.2016 [Закон КР от 11 ноября 2016 года № 177 "О внесении изменения в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111456); 20.01.2009 [Закон КР от 20 января 2009 года № 10 "О внесении изменений в отдельные законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202606)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505#diff=1220610..5621>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-378>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-378.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 378-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-378

---

Жогорку окуу жайында илимий-педагогикалык кызматкерлердин бардык кызмат орундарын алмаштыруу 5 жылга чейинки мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими боюнча жүргүзүлөт. Жогорку уюмдарда факультеттин деканынан жана кафедра башчысынан тышкары илимий-педагогикалык кызматкерлердин бардык кызмат орундарын алмаштырууда эмгек келишимин түзүү менен катар эле конкурстук тандоо жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн кызмат орундарын алмаштыруунун тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Жогорку окуу жайынын факультетинин деканынын жана кафедра башчысынын кызмат орундары шайлануучу болуп саналат. Көрсөтүлгөн кызмат орундарына шайлоонун тартиби жогорку уюмдарынын уставдары менен аныкталат. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары профессордук-окутуучулук курамдын кызмат орундарын ээлөө тартибин өз алдынча аныктоого укуктуу. Мамлекеттик жана муниципалдык жогорку уюмдарында ректорлордун, проректорлордун, филиалдардын (институттардын) жетекчилеринин кызмат орундары эмгек келишимдерин түзүү мөөнөтүнө карабастан, 65 жаштан ашпаган курактагы адамдар менен алмаштырылат. Ушул кызмат орундарын ээлеген жана ошол куракка жеткен адамдар алардын макулдугу менен квалификациясына туура келген башка кызматка которулушат. Мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери билим берүү жөнүндө мыйзам менен белгиленген тартипте жана учурларда кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат. Проректорлор мөөнөттүү эмгек келишими менен жумушка кабыл алынат. Проректордун жогорку окуу жайы менен түзгөн мөөнөттүү эмгек келишиминин мөөнөтү ректордун ыйгарым укугунун мөөнөтүнө дал келет. Уюмдаштыруучу (уюмдаштыруучулар) жогорку окуу жайынын илимий кеңешинин сунушу боюнча 70 жашка чыкканга чейин ректорлук кызмат орунунда иштөө мөөнөтүн узартууга укуктуу. Ректор жогорку окуу жайынын илимий кеңешинин сунуштамасы боюнча проректордун, факультеттин деканынын, филиалдын (институттун) жетекчисинин кызмат орунунда иштөө мөөнөтүн 70 жашка чыкканга чейин узартууга укуктуу.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 16-декабрындагы № 17-р чечими (КР 2009-жылдын 20-январындагы № 10, 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 177, 2023-жылдын 7-августундагы № 165 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [377-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-377)  
Кийинки берене: [379-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-379)
