# 375-статья. Транспорттук каражаттардын кыймылы менен түздөн-түз байланышкан кызматкерлердин жумуш убактысы жана эс алуу убактысы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 34-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-375>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-375.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 375-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-375

---

Эмгеги транспорттук каражаттардын кыймылы менен түздөн-түз байланышкан кызматкерлерге транспорттук каражаттардын кыймылы менен түздөн-түз байланышкан кесиби же кызматы боюнча алар үчүн белгиленген жумуш убактысынын узактыгынан ашыкча иштөөгө, ошондой эле эмгек шарты зыяндуу жана (же) кооптуу жумуштан иштөөгө уруксат берилбейт. Транспорттук каражаттардын кыймылы менен түздөн-түз байланышкан кесиптердин (кызмат орундарынын) жана жумуштардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте бекитилет. Эмгеги транспорттук каражаттардын кыймылы менен түздөн-түз байланышкан кызматкерлердин айрым категорияларынын жумуш убактысынын жана эс алуу убактысынын режиминин өзгөчөлүктөрү, эмгек шарттары транспорттун тиешелүү түрүнүн тармагындагы мамлекеттик органы тарабынан белгиленет. Бул өзгөчөлүктөр ушул Кодекс менен белгиленгендерге салыштармалуу кызматкерлердин абалын начарлатпайт.

---

Мурунку берене: [374-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-374)  
Кийинки берене: [376-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-376)
