374-статья. Транспорттук каражаттардын кыймылы менен түздөн-түз байланышкан жумушка кабыл алуу
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 34-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Транспорттук каражаттардын кыймылы менен түздөн-түз байланышкан жумушка кабыл алынган кызматкерлер транспорттун тиешелүү түрү жаатындагы мамлекеттик орган аныктаган тартипте кесиптик тандоодон өтүүгө, ошондой эле эмгек милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон тиешелүү даярдыктан өтүүгө жана ден соолугу чың болууга тийиш. Транспорттук каражаттардын кыймылы менен түздөн-түз байланышкан жумушка кызматкерлерди кабыл алуу саламаттык сактоо жана транспорттун тиешелүү түрүнүн тармагынын мамлекеттик органдары белгиленген тартипте милдеттүү алдынала медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана жүргүзүлөт.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
374-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-374" title="374-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>