# 372-статья. Көчүүгө байланыштуу чыгымдарды компенсациялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-372>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-372.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 372-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-372

---

Бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана барууга кыйын аймактарда жайгашкан уюмдарда иштөө жөнүндө эмгек келишимин түзгөн жана ушул келишимдерге ылайык республиканын башка региондорунан келишкен адамдарга төмөнкүдөй компенсацияларды берүү кепилденет: 2 кызматтык айлык акы (ставка) өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул жана аны менен келген үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө кызматкердин кызматтык айлык акысынын (ставка) жарымы өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул; кызматкердин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында жол жүрүү боюнча иш жүзүндөгү чыгашалардын жана темир жол транспорту менен ташуу үчүн каралган тарифтерден жогору эмес үй-бүлөгө 3 тоннадан ашык жүктү ташып келүүнүн иш жүзүндөгү чыгашалардын наркын төлөө; жаңы жерге көчүүгө камынуу жана жайгашуу үчүн узактыгы 7 календардык күн акы төлөнүүчү өргүү. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн жол жүрүү жана жүгүн ташуу наркын төлөп берүү укугу көрсөтүлгөн райондордо жана жерлерде ошол уюмда кызматкер тарабынан эмгек келишимин түзгөн күндөн тартып бир жыл бою сакталат. Кызматкерге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө башка жердеги жаңы конушка көчкөн учурда, ар кандай негиздер боюнча (анын ичинде кызматкердин каза болушу) күнөө жасагандыгы үчүн жумуштан бошотулгандан тышкары эмгек келишимин бузууга байланыштуу жол жүрүүнүн иш жүзүндөгү чыгашалары боюнча жана үй-бүлөнүн 3 тоннадан ашпаган жүгүн ташууда иш жүзүндөгү чыгашалар боюнча, бирок темир жол транспорту менен жүк ташуу үчүн каралган тарифтерден жогору эмес жүктү ташып келүүнүн наркы төлөнөт. Ушул статьяда каралган кепилдиктер жана компенсациялар негизги жумуш орду боюнча гана берилет.

---

Мурунку берене: [371-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-371)  
Кийинки берене: [373-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-373)
