372-статья. Көчүүгө байланыштуу чыгымдарды компенсациялоо
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 33-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана барууга кыйын аймактарда жайгашкан уюмдарда иштөө жөнүндө эмгек келишимин түзгөн жана ушул келишимдерге ылайык республиканын башка региондорунан келишкен адамдарга төмөнкүдөй компенсацияларды берүү кепилденет: 2 кызматтык айлык акы (ставка) өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул жана аны менен келген үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө кызматкердин кызматтык айлык акысынын (ставка) жарымы өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул; кызматкердин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында жол жүрүү боюнча иш жүзүндөгү чыгашалардын жана темир жол транспорту менен ташуу үчүн каралган тарифтерден жогору эмес үй-бүлөгө 3 тоннадан ашык жүктү ташып келүүнүн иш жүзүндөгү чыгашалардын наркын төлөө; жаңы жерге көчүүгө камынуу жана жайгашуу үчүн узактыгы 7 календардык күн акы төлөнүүчү өргүү. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн жол жүрүү жана жүгүн ташуу наркын төлөп берүү укугу көрсөтүлгөн райондордо жана жерлерде ошол уюмда кызматкер тарабынан эмгек келишимин түзгөн күндөн тартып бир жыл бою сакталат. Кызматкерге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө башка жердеги жаңы конушка көчкөн учурда, ар кандай негиздер боюнча (анын ичинде кызматкердин каза болушу) күнөө жасагандыгы үчүн жумуштан бошотулгандан тышкары эмгек келишимин бузууга байланыштуу жол жүрүүнүн иш жүзүндөгү чыгашалары боюнча жана үй-бүлөнүн 3 тоннадан ашпаган жүгүн ташууда иш жүзүндөгү чыгашалар боюнча, бирок темир жол транспорту менен жүк ташуу үчүн каралган тарифтерден жогору эмес жүктү ташып келүүнүн наркы төлөнөт. Ушул статьяда каралган кепилдиктер жана компенсациялар негизги жумуш орду боюнча гана берилет.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
372-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- О Правительстве Кыргызской РеспубликиЗакон · 25.03.1997 · № 17 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 26 августа 1998 года N 564 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Правительстве…Постановление · 26.08.1998 · № 564 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-372" title="372-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>