# 369-статья. Ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүнү берүү жана бириктирүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-369>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-369.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 369-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-369

---

Кызматкерге ушул Кодекстин 368-статьясында белгиленген ар жылдык акы төлөнүүчү кошумча өргүү ошол иш берүүчүдө иштегенине он бир ай толгондон кийин берилет. Жыл сайын акы төлөнүп берилүүчү өргүүнүн жалпы узактыгы ар жылдык негизги жана ар жылдык бардык акы төлөнүүчү кошумча өргүү суммаланып аныкталат. Бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана барууга кыйын аймактарда иштеген адамдарга берилүүчү ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүнү толук же жарым-жартылай бириктирүү 2 жылдыкынан ашпоого тийиш. Мында берилүүчү өргүүнүн жалпы узактыгы өргүүнү пайдалануучу жерге жетүү жана кайра келүү үчүн зарыл болгон убакыттагы сактабаган эмгек акыны кошкондо алты айдан ашпоого тийиш. 6 айдан ашкан ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүнүн пайдаланылбаган бөлүгү келерки жылы ар жылдык акы төлөнүүчү кезектеги өргүүгө кошулат. Иштеген ата-эненин (камкорчунун, көзөмөлчүнүн) бирөөнүн өтүнүчү боюнча иш берүүчү башка жерде жайгашкан кесиптик орто же жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окууга тапшыруучу он сегиз жашка чейинки баланы узатып жүрүү үчүн жыл сайын акы төлөнүүчү өргүүнү же анын бөлүгүн (14 календардык күндөн кем эмес) берүүгө милдеттүү. Эки же андан көп бала болгон учурда көрсөтүлгөн максаттар үчүн өргүү ар бир бала үчүн бир жолудан берилет.

---

Мурунку берене: [368-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-368)  
Кийинки берене: [370-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-370)
