369-статья. Ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүнү берүү жана бириктирүү тартиби
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 33-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Кызматкерге ушул Кодекстин 368-статьясында белгиленген ар жылдык акы төлөнүүчү кошумча өргүү ошол иш берүүчүдө иштегенине он бир ай толгондон кийин берилет. Жыл сайын акы төлөнүп берилүүчү өргүүнүн жалпы узактыгы ар жылдык негизги жана ар жылдык бардык акы төлөнүүчү кошумча өргүү суммаланып аныкталат. Бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана барууга кыйын аймактарда иштеген адамдарга берилүүчү ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүнү толук же жарым-жартылай бириктирүү 2 жылдыкынан ашпоого тийиш. Мында берилүүчү өргүүнүн жалпы узактыгы өргүүнү пайдалануучу жерге жетүү жана кайра келүү үчүн зарыл болгон убакыттагы сактабаган эмгек акыны кошкондо алты айдан ашпоого тийиш. 6 айдан ашкан ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүнүн пайдаланылбаган бөлүгү келерки жылы ар жылдык акы төлөнүүчү кезектеги өргүүгө кошулат. Иштеген ата-эненин (камкорчунун, көзөмөлчүнүн) бирөөнүн өтүнүчү боюнча иш берүүчү башка жерде жайгашкан кесиптик орто же жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окууга тапшыруучу он сегиз жашка чейинки баланы узатып жүрүү үчүн жыл сайын акы төлөнүүчү өргүүнү же анын бөлүгүн (14 календардык күндөн кем эмес) берүүгө милдеттүү. Эки же андан көп бала болгон учурда көрсөтүлгөн максаттар үчүн өргүү ар бир бала үчүн бир жолудан берилет.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
369-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-369" title="369-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>