# 368-статья. Ар жылдык акы төлөнүүчү кошумча өргүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 ноября 2012 года № 185 "О внесении изменений и дополнений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203785)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505#diff=1220589..1220590>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-368>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-368.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 368-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-368

---

Бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана барууга кыйын аймактарда иштеген адамдар үчүн жалпы негизде мыйзамдар менен белгиленген ар жылдык акы төлөнүүчү негизги өргүүдөн жана акы төлөнүүчү кошумча өргүүдөн тышкары жыл сайын акы төлөнүүчү кошумча өргүү берилет:

- деңиз деңгээлинен: 2000 метрден 3000 метрге чейинки бийиктикте иштегенде - 12 календардык күн; 3001 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте иштегенде - 24 календардык күн; 4001 метр жана андан жогору - 36 календардык күн;

- алыскы жана барууга кыйын аймактарда иштегенде - 12 календардык күн.

Айкалыштырып иштегендерге жыл сайын берилүүчү өргүүнүн жалпы узактыгы жалпы негизде белгиленет. Ар жылдык акы төлөнүүчү кошумча өргүү берүүнү бир нече ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салууда кызматкерлер үчүн кыйла жагымдуу шарттар белгиленген ченемдик укуктук акт колдонулат. (КР 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [367-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-367)  
Кийинки берене: [369-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-369)
