# 3602-статья. Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкер менен эмгек келишимин түзүү өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 321-глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 декабря 2022 года № 123 "О внесении изменений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112479)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505#diff=1220609..1220610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-3602>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-3602.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 3602-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-3602

---

Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкер менен эмгек келишимин кызматкердин өзүнүн жеке катышуусунда, ошондой эле электрондук эмгек келишим түрүндө формасында түзүүгө жол берилет. Эмгек келишими түзүлгөн жер болуп иш берүүчүнүн жайгашкан жери саналат. Эмгек келишиминде иш аралыктан аткарылары жөнүндө сөзсүз көрсөтүлөт. Эмгек келишиминде аралыктан иштөөнү аткарып жаткан кызматкердин милдеттери жөнүндө кошумча шарттар, иш милдеттерин аткарууда иш берүүчү тарабынан берилген же сунушталган жабдууларды, маалыматташтыруу объекттерин пайдалануу шарттары каралышы мүмкүн. Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкерлерди алар иш милдеттенмелерин аткаруу үчүн зарыл болгон жабдуулар, маалыматташтыруу объекттери жана башка каражаттар менен камсыз кылуунун тартиби жана мөөнөттөрү, аткарылган иш жөнүндө аларга отчетторду берүү тартиби жана мөөнөтү, ошол кызматкерлердин өздөрүнүн жабдууларын, маалыматташтыруу объекттерин колдонгондугу үчүн компенсацияны жана ошондой эле аралыктан иштөөнү аткаруу менен байланышкан башка чыгымдарды төлөөнүн өлчөмү, тартиби жана мөөнөттөрү эмгек келишиминде аныкталат. Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкердин иш берүүчү менен өз ара аракеттенүүсүнүн ыкмалары жана мезгилдүүлүгү эмгек келишиминде аныкталат. (КР 2022-жылдын 23-декабрындагы N 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3601-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-3601)  
Кийинки берене: [3603-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-3603)
