3602-статья. Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкер менен эмгек келишимин түзүү өзгөчөлүктөрү
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 321-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 23 декабря 2022 года № 123
Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкер менен эмгек келишимин кызматкердин өзүнүн жеке катышуусунда, ошондой эле электрондук эмгек келишим түрүндө формасында түзүүгө жол берилет. Эмгек келишими түзүлгөн жер болуп иш берүүчүнүн жайгашкан жери саналат. Эмгек келишиминде иш аралыктан аткарылары жөнүндө сөзсүз көрсөтүлөт. Эмгек келишиминде аралыктан иштөөнү аткарып жаткан кызматкердин милдеттери жөнүндө кошумча шарттар, иш милдеттерин аткарууда иш берүүчү тарабынан берилген же сунушталган жабдууларды, маалыматташтыруу объекттерин пайдалануу шарттары каралышы мүмкүн. Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкерлерди алар иш милдеттенмелерин аткаруу үчүн зарыл болгон жабдуулар, маалыматташтыруу объекттери жана башка каражаттар менен камсыз кылуунун тартиби жана мөөнөттөрү, аткарылган иш жөнүндө аларга отчетторду берүү тартиби жана мөөнөтү, ошол кызматкерлердин өздөрүнүн жабдууларын, маалыматташтыруу объекттерин колдонгондугу үчүн компенсацияны жана ошондой эле аралыктан иштөөнү аткаруу менен байланышкан башка чыгымдарды төлөөнүн өлчөмү, тартиби жана мөөнөттөрү эмгек келишиминде аныкталат. Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкердин иш берүүчү менен өз ара аракеттенүүсүнүн ыкмалары жана мезгилдүүлүгү эмгек келишиминде аныкталат. (КР 2022-жылдын 23-декабрындагы N 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3602-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 23 декабря 2022 года № 123 "О внесении изменений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
23.12.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкер менен эмгек келишимин түзүү өзгөчөлүктөрү Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкер менен эмгек келишимин кызматкердин өзүнүн жеке катышуусунда, ошондой эле электрондук эмгек келишим түрүндө формасында түзүүгө жол берилет. Эмгек келишими түзүлгөн жер болуп иш берүүчүнүн жайгашкан жери саналат. Эмгек келишиминде иш аралыктан аткарылары жөнүндө сөзсүз көрсөтүлөт. Эмгек келишиминде аралыктан иштөөнү аткарып жаткан кызматкердин милдеттери жөнүндө кошумча шарттар, иш милдеттерин аткарууда иш берүүчү тарабынан берилген же сунушталган жабдууларды, маалыматташтыруу объекттерин пайдалануу шарттары каралышы мүмкүн. Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкерлерди алар иш милдеттенмелерин аткаруу үчүн зарыл болгон жабдуулар, маалыматташтыруу объекттери жана башка каражаттар менен камсыз кылуунун тартиби жана мөөнөттөрү, аткарылган иш жөнүндө аларга отчетторду берүү тартиби жана мөөнөтү, ошол кызматкерлердин өздөрүнүн жабдууларын, маалыматташтыруу объекттерин колдонгондугу үчүн компенсацияны жана ошондой эле аралыктан иштөөнү аткаруу менен байланышкан башка чыгымдарды төлөөнүн өлчөмү, тартиби жана мөөнөттөрү эмгек келишиминде аныкталат. Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкердин иш берүүчү менен өз ара аракеттенүүсүнүн ыкмалары жана мезгилдүүлүгү эмгек келишиминде аныкталат. (КР 2022-жылдын 23-декабрындагы N 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-3602" title="3602-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>