# 3601-статья. Аралыктан иштөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 321-глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 декабря 2022 года № 123 "О внесении изменений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112479)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505#diff=1220609..1220610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-3601>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-3601.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 3601-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-3601

---

Иш функциясын аткаруу жана аны аткаруу менен байланышкан маселелер боюнча иш берүүчү менен кызматкердин ортосунда өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу үчүн маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды колдонуу шартында иш берүүчү жайгашкан жерден тышкары жерде эмгек келишиминде аныкталган иш функциясын аткаруу аралыктан иштөө болуп саналат. Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкерлерге ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен эмгек жөнүндө мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын күчү жайылтылат. Иш берүүчүнүн жана аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкердин ортосундагы иштөө шарттары эмгек келишиминде аныкталат. (КР 2022-жылдын 23-декабрындагы N 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [360-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-360)  
Кийинки берене: [3602-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-3602)
