# 351-статья. Кызматкердин иш берүүчү-жеке жак менен түзгөн эмгек келишиминин өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 31-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 марта 2009 года № 103 "О внесении дополнений и изменений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203130)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505#diff=1220584..1220585>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-351>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-351.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 351-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-351

---

Кызматкер иш берүүчү-жеке жак менен эмгек келишимин түзүүдө Кыргыз Республикасынынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, ушул келишим менен аныкталган кандай жумуш болбосун аткарууга милдеттенет. Жазуу жүзүндөгү эмгек келишимине милдеттүү түрдө кызматкер үчүн жана иш берүүчү үчүн олуттуу бардык шарттар киргизилет. Иш берүүчү-жеке жак төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү: ушул Кодекстин талаптарына ылайык кызматкер менен эмгек келишимин жазуу жүзүндө тариздөөгө; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө камсыздандыруу төгүмдөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө; жумушка биринчи жолу орношкон адамдарга мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруунун социалдык жактан коргоо күбөлүгүн жол-жоболоштурууга. (КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 103, 2015-жылдын 20-июлундагы № 179 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [350-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-350)  
Кийинки берене: [352-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-352)
