# 350-статья. Вахталык усул менен иштеген адамдарга кепилдиктер жана компенсациялар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 ноября 2012 года № 185 "О внесении изменений и дополнений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203785)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.11.2012 [Закон КР от 20 ноября 2012 года № 185 "О внесении изменений и дополнений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203785); 30.03.2009 [Закон КР от 30 марта 2009 года № 103 "О внесении дополнений и изменений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203130)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505#diff=1220589..1220590>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-350>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-350.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 350-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-350

---

Вахталык усул менен иштерди аткарган кызматкерлерге вахта мезгилинде өндүрүштүк иш орундарында болгон ар бир календардык күн үчүн, ошондой эле иш берүүчүнүн (чогулуу пунктунун) жайгашкан жерине жетүүдө жана кайра кайтууда иш жүзүндө кеткен күндөр үчүн суткалык акынын ордуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте белгиленген өлчөмдөгү вахталык усулдун жумушу үчүн үстөк төлөнөт. Бийик тоолуу райондорго жана республиканын алыскы жана барууга кыйын аймактарына, башка райондорунун вахталык усул менен иштөөгө келген кызматкерлерге төмөнкүдөй кепилдиктер жана компенсациялар берилет:

1) айлык акысына райондук коэффициент белгиленет жана бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана барууга кыйын аймактарда туруктуу иштеген адамдар үчүн каралган тартипте жана өлчөмдө бийик тоолуу шарттардагы иш стажы үчүн кызматтык маянасына пайыздык үстөк төлөнөт;

2) ар бир жылдагы акы төлөнүүчү кошумча өргүү:

а) деңиз деңгээлинен 2000 метрден 3000 метрге чейинки бийиктикте иштегенде - 12 календардык күн; 3001 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте иштегенде - 24 календардык күн; 4001 метр жана андан жогору - 36 календардык күн;

б) алыскы жана барууга кыйын аймактарда иштегенде - 12 календардык күн.

Жеңилдиктерди жана компенсацияларды алууга укук берүүчү иш стажысына бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана барууга кыйын аймактарда иштеген календардык күндөр жана кезметтин графигинде каралган жол жүрүүгө кеткен иш жүзүндөгү күндөр кошулат. Райондук коэффициенттер колдонулган райондордун аймактарына вахталык усул менен иштөөгө келген кызматкерлердин эмгек акысына ошол коэффициенттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык эсептелет. Вахтадагы жумуш графиги менен каралган иш берүүчүнүн (чогулуу пунктунун) жайгашкан жерине келүүгө жана кайра кайтууга кеткен күндөр үчүн, ошондой эле метеорологиялык шарттар жана транспорттук уюмдардын күнөөсү боюнча кызматкерлердин жолдо кармалган күндөрү үчүн кызматкерге бир күндүк тарифтик ставка (айлык акы) төлөнөт. (КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 103, 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [349-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-349)  
Кийинки берене: [351-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-351)
