# 349-статья. Вахталык усул менен иштөөдө эмгек жана эс алуу режимдери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-349>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-349.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 349-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-349

---

Жумуш убактысы жана эс алуу убактысы эсепке алуу мезгилинин чегинде иш берүүчү жана уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу боюнча бекитилип, вахтадагы иш графиги менен жөнгө салынат жана аны колдонууга киргизгенге чейин 2 айдан кеч эмес мөөнөттө кызматкерлерге билдирилет. Графикте кызматкерлерди вахтага алып келүү жана кайра жеткирүү зарыл болгон убакыт каралат. Иш ордуна баруу жана кайра келүү күндөрү жумуш убактысына киргизилбейт жана ал күндөр вахта аралык эс алуу күндөрүнө туура келиши мүмкүн. Вахтадагы иш графигинин чегинде жумуш убактысынан ашык иштелген сааттар календардык жыл ичинде топтолуп жана кошумча эс алуу күндөрүн кийин берүүдө бүтүндөй бир күнгө чейин суммаланышы мүмкүн. Эгерде эмгек келишиминде же жамааттык келишимде башкача аныкталбаса, эсепке алуу мезгилинин чегинде (вахтадагы иштөө графигинде) жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынан ашкан жумушка байланыштуу эс алуу күндөрү тарифтик ставканын (айлык акынын) өлчөмүндө төлөнөт.

---

Мурунку берене: [348-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-348)  
Кийинки берене: [350-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-350)
