# 348-статья. Вахталык усул менен иштөөдө жумуш убактысын эсептөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-348>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-348.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 348-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-348

---

Вахталык усул менен иштөөдө бир ай, квартал же башка узак мезгилге, бирок бир жылдан ашпаган жумуш убактысынын суммаланган эсеби белгиленет. Эсепке алуу мезгили бүткүл жумуш убактысын, уюм жайгашкан жерден жолдогу же чогулган жерден жумушка чейин жана кайтып келүү убактысын, ошондой эле убакыттын ошол календардык учуруна туура келген эс алуу убактысын камтыйт. Мында эсепке алуу мезгилиндеги жумуш убактысынын жалпы узактыгы ушул Кодексте белгиленген жумуш саатынын ченемдүү санынан ашпоого тийиш. Иш берүүчү жумуш убактысын жана ар бир кызматкерге ай сайын жана бүткүл эсепке алуу мезгилиндеги эс алуу учурун эсепке алууга тийиш.

---

Мурунку берене: [347-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-347)  
Кийинки берене: [349-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-349)
