# 345-статья. Вахталык усул менен иштөө жөнүндө жалпы жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-345>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-345.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 345-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-345

---

Вахталык усул - кызматкерлердин туруктуу жашаган жерине күнүгө кайтып келүүнү камсыз кылуу мүмкүн болбогондо, туруктуу жашаган жеринен тышкары эмгек процессин ишке ашыруунун өзгөчө формасы. Вахталык усул иш берүүчүнүн жайгашкан жеринен иштөөчү жер алыс болгондо, жумушту кадимки усул менен аткарууга мүмкүнчүлүк болбогондо, ошондой эле ээн жерде, алыс жайгашкан же өзгөчө табигый шарттагы райондордогу өндүрүштүк, социалдык жана башка багыттагы объекттерди куруунун, оңдоонун, реконструкциялоонун жана эксплуатациялоонун мөөнөттөрүн кыскартуу максатында колдонулат. Вахталык усул менен иштөө жумуштарына тартылган кызматкерлер иш өндүрүшүнүн объектисинде болгон мезгилде жумуштарды аткарган жана кезмет аралык эс алуу убагында аталган кызматкерлердин тиричилик аракетин камсыз кылуу үчүн арналган имараттардын жана курулмалардын комплексин камтыган иш берүүчү түзгөн атайын вахталык шаарларда жашашат. Вахталык усул менен эмгекти уюштуруу шарттары ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [344-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-344)  
Кийинки берене: [346-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-346)
