345-статья. Вахталык усул менен иштөө жөнүндө жалпы жоболор
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 30-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Вахталык усул - кызматкерлердин туруктуу жашаган жерине күнүгө кайтып келүүнү камсыз кылуу мүмкүн болбогондо, туруктуу жашаган жеринен тышкары эмгек процессин ишке ашыруунун өзгөчө формасы. Вахталык усул иш берүүчүнүн жайгашкан жеринен иштөөчү жер алыс болгондо, жумушту кадимки усул менен аткарууга мүмкүнчүлүк болбогондо, ошондой эле ээн жерде, алыс жайгашкан же өзгөчө табигый шарттагы райондордогу өндүрүштүк, социалдык жана башка багыттагы объекттерди куруунун, оңдоонун, реконструкциялоонун жана эксплуатациялоонун мөөнөттөрүн кыскартуу максатында колдонулат. Вахталык усул менен иштөө жумуштарына тартылган кызматкерлер иш өндүрүшүнүн объектисинде болгон мезгилде жумуштарды аткарган жана кезмет аралык эс алуу убагында аталган кызматкерлердин тиричилик аракетин камсыз кылуу үчүн арналган имараттардын жана курулмалардын комплексин камтыган иш берүүчү түзгөн атайын вахталык шаарларда жашашат. Вахталык усул менен эмгекти уюштуруу шарттары ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
345-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правительства КР от 18 марта 1999 года №154 "О гарантиях и компенсациях в связи с особым характером работы"Постановление · 18.03.1999 · № 154
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-345" title="345-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>