# 344-статья. Мезгилдүү жумуштарда иштеген кызматкерлер менен эмгек келишимин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 29-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-344>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-344.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 344-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-344

---

Мезгилдүү жумуштарда иштеген кызматкер 3 календардык күн мурда эмгек келишимин бузуу жөнүндө иш берүүчүгө жазуу жүзүндө эскертүүгө милдеттүү. Иш берүүчү уюмдун жоюлушуна, кызматкерлердин санынын же штатынын кыскарышына байланыштуу алдыдагы жумуштан бошотуу жөнүндө 7 календардык күндөн кеч эмес кол койдуруп алуу менен жазуу жүзүндө мезгилдүү жумуштарда иштеген кызматкерге эскертүүгө милдеттүү. Уюмдун жоюлушуна, кызматкерлердин санынын же штатынын кыскарышына байланыштуу мезгилдүү жумуштарда иштеген кызматкер менен эмгек келишимин токтотууда эки жумалык орточо эмгек акысы өлчөмүндө жумуштан бошогондогу жөлөкпул төлөнөт.

---

Мурунку берене: [343-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-343)  
Кийинки берене: [345-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-345)
