32-статья. Кызматкерлердин өкүлдөрүнүн ыйгарым укугу
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 4-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Кызматкерлердин өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- иш берүүчү менен жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, жамааттык келишимдерди түзүүгө, алардын аткарылышын контролдоого;
- макулдашууларда жана жамааттык келишимдерде каралган учурларда уюмдун социалдык жана экономикалык өнүгүү маселелерин чечүүгө катышууга;
- эмгек мыйзамдарында каралган учурларда уюмдун локалдуу ченемдик актыларын иштеп чыгууга катышууга;
- уюмда эмгек мыйзамдарынын сакталышына коомдук контролду жүзөгө ашырууга;
- белгиленген тартипте жумуш орунунда тоскоолдуксуз болууга, коомдук контроль жүргүзүү үчүн иш берүүчүдөн зарыл маалыматтарды алууга;
- жамааттык эмгек талаш-тартыштарында кызматкерлердин өкүлү катарында чыгууга;
- жекече эмгек талаш-тартыштарын, ошондой эле сотто доо коюучу катары кароо боюнча органдарда кызматкерлердин кызыкчылыктарын көздөөгө;
- уюмдун жетекчисинин жана ал ыйгарым укук берген адамдардын чечими, эгерде ал эмгек мыйзамдарына каршы келсе сотко даттанууга;
- мыйзамда каралган тартипте иш таштоо жарыялоого жана ишти токтотууга.
Кызматкерлердин өкүлдөрү ушул органдар жөнүндө мыйзамдарга, уставдарга жана жоболорго ылайык башка укуктарга ээ.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-декабрындагы № 708 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 26.12.2013 · № 708 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-32" title="32-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>