# 317-статья. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгек шарттарына жана эс алууларына кепилдиктер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 ноября 2012 года № 185 "О внесении изменений и дополнений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203785)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505#diff=1220589..1220590>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-317>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-317.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 317-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-317

---

Иштеген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга иш берүүчү МСЭК тарабынан берилген реабилитациянын жекече программасына ылайык, анын ичинде өндүрүштө аларды кесиптик окутуп үйрөтүүнү уюштурууну жана үйдөн иштөө жолу менен эмгек шарттарын түзүүгө милдеттүү. Макулдашуулар менен, жамааттык келишимде, макулдашууларда жана эмгек келишиминде белгиленүүчү эмгек шарттары, анын ичинде акы төлөө, жумуш убактысынын жана эс алуу убактысынын режими, жыл сайын берилүүчү өргүүнүн узактыгы башка кызматкерлерге салыштырганда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын абалын начарлатпоого же укуктарын чектебөөгө тийиш. Майыптуулугу I жана II топтордогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумасына 36 сааттан ашпаган жумуш убактысынын кыскартылган узактыгы белгиленет. Мында майыптуулугу I жана II топтордогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын күнүмдүк жумушунун узактыгы 7 сааттан ашпоого тийиш. Жумуш убактысын суммалап эсепке алууну колдонууга жол берилбейт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды мөөнөтүнөн ашыкча иштөөгө, дем алыш күндөрү жана түнкү убакытта жумушка тартууга алардын макулдугу менен жана, эгерде мындай жумушка медициналык корутунду боюнча тыюу салынбаган шартта гана жол берилет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды иш сапарга жиберүүгө алардын макулдугу менен гана жол берилет. Иш берүүчү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ден соолугунун абалына жараша жумуш аткаруу ченемдерин азайтууга укуктуу. (КР 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [316-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-316)  
Кийинки берене: [318-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-318)
