# 314-статья. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-314>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-314.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 314-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-314

---

Калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызмат органдары коомдук уюмдардын катышуусу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча ченемдерди иштегендердин санынын 5 пайызынан кем эмес өлчөмдө (эгерде иштегендердин саны 20 адамдан кем болбосо) иштеп чыгат, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар бекитет. Мында ошол ченемдин эсебине толук эмес жумуш убактысы шарттарында иш берүүгө жол берилет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо ченеми иш берүүчү тарабынан калкты ишке орноштуруунун мамлекеттик кызмат органдарына кезектеги календардык жылдын башталышына чейин 3 айдан кечиктирилбестен берилүүгө тийиш. Иш берүүчүлөр ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштуруу үчүн белгиленген квоталоонун эсебинен жумуш орундарын түзүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [313-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-313)  
Кийинки берене: [315-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-315)
