# 310-статья. Эмгек келишимин бузууда кош бойлуу аялдарга жана балалуу аялдарга кепилдиктер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 24-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-310>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-310.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 310-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-310

---

Кош бойлуу аялдар менен эмгек келишимин бузууга уюм жоюлган жана эмгек келишиминин мөөнөттөрү аяктаган учурларды кошпогондо жол берилбейт. Үч жашка чейинки курактагы балдары бар аялдар менен, он төрт жашка чейинки курактагы (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар - он сегиз жашка чейин) балдары бар жалгыз бой энелер менен, аталган балдарды энесиз тарбиялап жаткан башка адамдар менен эмгек келишимин иш берүүчүнүн демилгеси боюнча бузууга жол берилбейт (ушул Кодекстин 83-статьясынын 1-пункту, 3-пунктунун "а" пунктчасы, 5-8, 10, 11-пункттары боюнча жумуштан бошотууларды кошпогондо).

---

Мурунку берене: [309-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-309)  
Кийинки берене: [311-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-311)
