309-статья. Баланы тамактандыруу үчүн тыныгуулар
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 24-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Бир жарым жашка чейинки балдары бар иштеген аялдарга эс алуу жана тамактануу үчүн тыныгуудан башка баланы (балдарды) тамактандыруу үчүн иштин ар бир үч сааты сайын ар бири 30 мүнөттөн кем эмес убакытка созулган кошумча тыныгуу берилет. Иштеген аялдын бир жарым жашка чейинки эки же андан ашык балдары болгондо тыныгуунун узактыгы 1 сааттан кем эмес белгиленет. Аялдын арызы боюнча баланы (балдарды) тамактандыруу үчүн тыныгуулар эс алуу жана тамактануу үчүн тыныгууга кошулушу же суммаланган түрдө аны тиешелүү түрдө кыскартуу менен жумуш күнүнүн (жумуш кезметинин) башталышына, же аякталышына которулушу мүмкүн. Баланы (балдарды) тамактандыруу үчүн тыныгуулар жумуш убактысына кошулат жана орточо эмгек акы өлчөмүндө төлөнүүгө тийиш. Тыныгуулардын мөөнөттөрү жана берүү тартиби эненин каалоолорун эске алуу менен иш берүүчү тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
309-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-309" title="309-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>