# 308-статья. Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 24-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-308>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-308.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 308-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-308

---

Бала асырап алган кызматкерлерге бала асырап алган күндөн баштап жана асырап алган 3 айлык куракка чейинки баланын туулган күнүнөн 70 календардык күн өткөнгө чейинки мезгилге, ал эми эки же андан ашык баланы бир эле мезгилде асырап алууда алар төрөлгөн күндөн баштап 110 календардык күн өргүү берилет. Баланы (балдарды) эки жубай тең асырап алган учурда ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн өргүү алардын калоосу боюнча жубайлардын бирөөнө берилет. Бала асырап алган аялдарга алардын каалоосу боюнча ушул статьянын биринчи бөлүгүндөгү өргүүнүн ордуна бала асырап алган күндөн баштап 70 календардык күн өткөнгө чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү, ал эми эки же андан көп баланы бир мезгилде асырап алууда алар төрөлгөн болгон күндөн баштап 110 календардык күнгө берилет. Бала асырап алуунун жашырындыгын сактоону камсыз кылуучу көрсөтүлгөн өргүүлөрдү берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. (КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 606 "Уул (кыз) бала асырап алган кызматкерлерге отпуска берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

---

Мурунку берене: [307-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-307)  
Кийинки берене: [309-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-309)
