307-статья. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 24-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 июля 2015 года № 179
Аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү алардын арызы боюнча жана медициналык корутундунун негизинде төрөткө чейин 70 календардык күнгө жана төрөттөн кийин 56 календардык күнгө (төрөтү оор болгондо же эки жана андан ашык бала төрөлгөндө - 70) ушул мезгил үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгү боюнча жөлөкпул төлөп берүү менен берилет. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү суммаланып эсептелет жана аялга төрөткө чейинки иш жүзүндө пайдаланылган күндөрдүн санына карабастан толугу менен берилет. Бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана барууга кыйын аймактарда иштеген аялдардын кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүсүнүн узактыгы эмгек стажысына карабастан, айлык акысынын толук өлчөмүндө кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгү боюнча жөлөкпул төлөп берүү менен төмөндөгүдөй белгиленет: төрөт ойдогудай болгондо - 140 календардык күнгө (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 70 календардык күн); төрөтү оор болгондо - 156 календардык күнгө (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 86 календардык күн); эки же андан ашык бала төрөлгөндө төрөткө чейинки өргүүнүн иш жүзүндөгү узактыгына карабастан - 180 календардык күнгө (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 110 календардык күн). (КР 2005-жылдын 30-июнундагы № 85, 2015-жылдын 20-июлундагы № 179 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
307-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 июля 2015 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июня 2005 года № 85 "О внесении изменений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
20.07.2015 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…күндөрдүн санына карабастан толугу менен берилет.
Бийик тоолуу алынып салынды: шарттарда кошулду: райондордо жана алыскы жана барууга кыйын аймактарда иштеген аялдардын кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүсүнүн узактыгы … төрөттөн кийин 110 календардык күн).
(КР 2005-жылдын 30-июнундагы № алынып салынды: 85 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 85, 2015-жылдын 20-июлундагы № 179 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы №140 "Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу боюнча 2010-жылы берилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын бириктирилген үчүнчү…Постановление · 29.07.2010 · № 140
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31-июлундагы № 414 "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча пособиелерди, кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиелерди, расымдык пособиелерди…Постановление · 31.07.2008 · № 414 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-октябрындагы № 727 "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү…Постановление · 11.11.2011 · № 727 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-307" title="307-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>