# 306-статья. Кош бойлуу аялдарды башка ишке которуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 24-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-306>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-306.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 306-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-306

---

Кош бойлуу аялдарга медициналык корутундуларга ылайык жана алардын арызы боюнча иштеп чыгуу ченемдери, тейлөө ченеми төмөндөтүлөт, болбосо ошол аялдар мурунку иши боюнча кызматтык айлык акысын (тарифтик ченин) сактоо менен жагымсыз өндүрүштүк факторлордун таасири жок башка ишке которулат. Кош бойлуу аялга жагымсыз өндүрүштүк факторлордун таасири жок башка иш берүү жөнүндө маселени чечкенге чейин ал ушунун натыйжасында үзгүлтүккө учураган бардык жумуш күндөрү үчүн иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен кызматтык айлык акысын (тарифтик ченин) сактоо менен жумуштан бошотулууга тийиш. Медициналык мекемелерде кош бойлуу аялдарды милдеттүү диспансердик текшерүүдөн өткөрүүдө иштеген жери боюнча кызматтык айлык акысы (тарифтик чени) сакталат.

---

Мурунку берене: [305-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-305)  
Кийинки берене: [307-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-307)
