# 304-статья. Иш сапарга жиберүүдө, мөөнөтүнөн ашыкча ишке, түнкү убакытта, дем алыш жана иш эмес майрам күндөрүндө ишке тартууда аялдарга берилүүчү кепилдиктер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 24-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-304>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-304.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 304-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-304

---

Кош бойлуу аялдарды иш сапарга жиберүүгө, мөөнөтүнөн ашыкча ишке, түнкү убакыттагы ишке, дем алыш жана иш эмес майрам күндөрү ишке тартууга, эгерде ал иш аларга медициналык көрсөтмөлөр боюнча тыюу салынбаган учурларда жол берилет. Үч жашка чейинки балдары бар аялдарды иш сапарга жиберүүгө, мөөнөтүнөн ашыкча ишке, түнкү убакытта, дем алыш жана иш эмес майрам күндөрү ишке тартууга алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо жана бул аларга медициналык кепилдеме менен тыюу салынбаган шарттарда гана жол берилет. Мында үч жашка чейинки балдары бар аялдар кызматтык иш сапарга жиберүүдөн, мөөнөтүнөн ашыкча ишке, түнкү убакытта, дем алыш жана иш эмес майрам күндөрү иштетүүдөн баш тартууга өздөрүнүн укуктары менен жазуу жүзүндө тааныштырылууга тийиш. Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган кепилдиктер ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга же он сегиз жашка чыкканга чейин бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, ошондой эле медициналык корутундуга ылайык алардын үй-бүлөлөрүнүн оорулуу мүчөлөрүн баккан кызматкерлерге да берилет.

---

Мурунку берене: [303-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-303)  
Кийинки берене: [305-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-305)
