# 300-статья. Башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарын окуп бүтүргөн адамдарды иш менен камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2015 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111223)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505#diff=1220592..1220593>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-300>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-300.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 300-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-300

---

Башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарын окуп бүтүргөн адамдар ээ болгон адистигине жана квалификациясына ылайык алардын иш берүүчүлөр менен түзгөн келишимдеринин негизинде же башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарын жана иш берүүчүлөр тарабынан түзүлгөн адистерди даярдоо жөнүндө келишимдердин негизинде жумуш менен камсыз кылынат. Аймагында башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары жана калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызмат органдары болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн алардын кесиптик даярдыгын жана квалификациясын эсепке алуу менен жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүшөт. Иш берүүчү башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн келишимге ылайык ишке келгендерди жумушка алуудан баш тартканда алар тиешелүү эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына же сотко даттанышы мүмкүн. Башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн келишимге ылайык ишке алуудан баш тартканда, иш берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат. (КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [299-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-299)  
Кийинки берене: [301-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-301)
