# 299-статья. Күндөлүк иш узактыгы кыскартылган 18 жаштагы кызматкерлердин эмгек акысы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-299>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-299.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 299-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-299

---

Эмгегине күндүк акы төлөөдө 18 жашка чейинки курактагы кызматкерлердин эмгек акысы иштин кыскартылган узактыгын эске алуу менен төлөнөт. Иш берүүчү өздүк каражаттарынын эсебинен күндөлүк толук иш узактыгына тиешелүү категориялардагы кызматкерлердин эмгегине акы төлөө деңгээлине чейин аларга кошумча төлөө жүргүзөт. Иштегенине жараша акы төлөнүүчү жумуштарда иштөөгө жол берилген он сегиз жашка чейинки курактагы кызматкерлердин эмгеги тартипте жасаган ишине жараша коюлуучу белгиленген баа боюнча төлөнөт. Иш берүүчү алардын күндөлүк жумушунун узактыгы кыскартылуучу убактысы үчүн тарифтик ченге чейинки кошумча акыны аларга өздүк каражаттарынын эсебинен белгилеши мүмкүн. Жалпы билим берүү уюмдарында, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарында окуган жана окуудан бош мезгилинде иштеген 18 жашка чейинки курактагы кызматкерлердин эмгегине акы төлөө иштеген убактысына же аткарган жумушуна жараша төлөнөт. Иш берүүчү бул кызматкерлердин эмгек акысына өз каражатынын эсебинен кошумча төлөөлөрдү белгилеши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [298-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-298)  
Кийинки берене: [300-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-300)
