# 294-статья. 18 жашка чейинки курактагы адамдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган жумуштар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-294>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-294.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 294-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-294

---

18 жашка чейинки курактагы адамдардын эмгегин эмгек шарттары зыяндуу жана (же) кооптонуу жумуштарда, жер астындагы жумуштарда, ошондой эле иштөө учурунда алардын ден соолугуна жана адеп-ахлактык өнүгүшүнө зыян келтире турган жумуштарда (оюн-зоок бизнеси, түнкү кабарелерде жана клубдарда иштөө, спирт ичимдиктерине, тамеки буюмдарына, баңгилик жана уулуу препараттарды чыгаруу өндүрүшүндө, ташууда жана сатууда) колдонууга тыюу салынат. 18 жашка чейинки курактагы кызматкерлерге алар үчүн белгиленген чектик ченемдерин ашкан оор нерселерди көтөрүүгө жана жылдырууга тыюу салынат. 18 жашка чейинки курактагы кызматкерлердин эмгегин колдонууга тыюу салынуучу жумуштардын тизмеги, ошондой эле оор нерселердин чектик ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте бекитилет.

---

Мурунку берене: [293-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-293)  
Кийинки берене: [295-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-295)
