# 287-статья. Кызматкердин чыгашанын ордун өз ыктыяры менен толтурушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-287>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-287.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 287-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-287

---

Иш берүүчүгө чыгаша келтирүүдө күнөөлүү кызматкер анын ордун толук же жарым-жартылай өз ыктыяры менен толтура алат. Чыгашанын ордун өз ыктыяры менен толтуруу, ушул Кодексте белгиленген чектерде жүзөгө ашырылат. Кызматкердин жана иш берүүчүнүн макулдашуусу боюнча чыгашанын ордун толтуруу мөөнөтүн узартып төлөөгө жол берилет. Мындай учурда кызматкер иш берүүчүгө төлөмдөрдүн айкын мөөнөттөрүн көрсөтүү менен чыгашанын ордун толтуруу жөнүндө жазуу жүзүндө милдеттенме алат. Иш берүүчүнүн макулдугу менен кызматкер ага келтирилген чыгашанын ордун толтуруу үчүн ага барабар баадагы мүлк бериши же бүлүнгөн жерин оңдоп бериши мүмкүн. Эгерде чыгашанын ордун ыктыярдуу толтуруу жөнүндө жазуу жүзүндө милдеттенме алган кызматкер эмгек мамилелеринин токтотулгандыгына байланыштуу белгиленген мөөнөттө анын ордун толтурбаса, анда төлөнбөгөн карыз сот тартибинде өндүрүлүп алынат.

---

Мурунку берене: [286-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-286)  
Кийинки берене: [288-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-288)
