287-статья. Кызматкердин чыгашанын ордун өз ыктыяры менен толтурушу
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 21-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Иш берүүчүгө чыгаша келтирүүдө күнөөлүү кызматкер анын ордун толук же жарым-жартылай өз ыктыяры менен толтура алат. Чыгашанын ордун өз ыктыяры менен толтуруу, ушул Кодексте белгиленген чектерде жүзөгө ашырылат. Кызматкердин жана иш берүүчүнүн макулдашуусу боюнча чыгашанын ордун толтуруу мөөнөтүн узартып төлөөгө жол берилет. Мындай учурда кызматкер иш берүүчүгө төлөмдөрдүн айкын мөөнөттөрүн көрсөтүү менен чыгашанын ордун толтуруу жөнүндө жазуу жүзүндө милдеттенме алат. Иш берүүчүнүн макулдугу менен кызматкер ага келтирилген чыгашанын ордун толтуруу үчүн ага барабар баадагы мүлк бериши же бүлүнгөн жерин оңдоп бериши мүмкүн. Эгерде чыгашанын ордун ыктыярдуу толтуруу жөнүндө жазуу жүзүндө милдеттенме алган кызматкер эмгек мамилелеринин токтотулгандыгына байланыштуу белгиленген мөөнөттө анын ордун толтурбаса, анда төлөнбөгөн карыз сот тартибинде өндүрүлүп алынат.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
287-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-287" title="287-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>