# 286-статья. Келтирилген чыгашанын өлчөмүн жана анын келип чыгышынын себебин аныктоодо иш берүүчүнүн милдети

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-286>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-286.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 286-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-286

---

Айкын кызматкер тарабынан чыгашанын ордун толтуруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин иш берүүчү келтирилген чыгашанын өлчөмүн жана анын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн текшерүү жүргүзүүгө милдеттүү. Мындай текшерүү жүргүзүү үчүн иш берүүчү тиешелүү адистердин катышуусу менен комиссия түзүүгө укуктуу. Кызматкерден анын күнөөсүн аныктоо үчүн жазуу жүзүндө түшүнүк талап кылуу милдеттүү болуп саналат. Кызматкер же анын өкүлү текшерүүнүн бардык материалдары менен таанышууга жана ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанууга укугу бар.

---

Мурунку берене: [285-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-285)  
Кийинки берене: [287-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-287)
