# 284-статья. Кызматкерлердин толук материалдык жоопкерчиликтери жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишимдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-284>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-284.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 284-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-284

---

18 жашка чыккан, түздөн-түз акчалай же материалдык баалуулуктарды тейлөөчү кызматкерлерди жумушка кабыл алууда да, кийинчерээк эмгек келишимине толуктоо катары толук жекече же жамааттык материалдык жоопкерчилик жөнүндө жазуу жүзүндө келишим түзүлүшү мүмкүн. Жекече, жамааттык (бригадалык) материалдык жоопкерчилик жөнүндө чыгашаны толук өлчөмдө ордун толтуруу тууралу иш берүүчү менен келишим түзүлүшү мүмкүн болгон, кызматкерлер ээлөөчү же ордуна иштөөчү кызмат орундарын жана иштердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу болжолдуу тизмектердин негизинде кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын макулдугу менен иш берүүчү тарабынан бекитилет. Милдети боюнча акча же материалдык бааалуулуктарды тейлөө кирбеген кызматкер менен толук жекече материалдык жоопкерчилик жөнүндө түзүлгөн келишим анык эмес деп табылат. Толук жеке материалдык жоопкерчилик тууралу келишим боюнча баалуулуктар айкын кызматкерге тапшырылат, алардын кемип калгандыгы үчүн ал жекече жоопкерчилик тартат. Көрсөтүлгөн келишим түзүлгөн жоопкерчиликтен бошоо үчүн кызматкер өзүнүн күнөөсү жоктугун далилдеши керек. Толук өлчөмдө чыгашанын ордун толтуруу жөнүндө жамааттык материалдык жоопкерчилнк тууралу келишим боюнча баалуулуктар, алардын кемип калышы үчүн жоопкерчилик жүктөлүүчү алдынала аныкталган адамдардын тобуна ишенип берилет. Материалдык жоопкерчиликтен бошонуу үчүн өзүнүн күнөөсү жоктугун далилдеши керек. Баалуулуктарды тейлөө (сактоо, сатуу, ташуу, кайра иштетүү жана башка) менен иш жүргүзгөн уюмдарда иш берүүчү тарабынан тобокелдик фондусу түзүлүшү мүмкүн, анын эсебинен кемип калгандардын ордун толтурууга жол берилет.

---

Мурунку берене: [283-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-283)  
Кийинки берене: [285-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-285)
