# 283-статья. Толук материалдык жоопкерчилик учурлары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-283>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-283.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 283-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-283

---

Келтирилген чыгашанын толук өлчөмүндө материалдык жоопкерчилик кызматкерге төмөнкү учурларда жүктөлөт:

- толук материалдык жоопкерчилик жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишимдин негизинде, ага ишенип берилген баалуулуктар кемип калганда;

- бир жолку документ боюнча алынган баалуулуктар кемигенде;

- атайылап чыгаша чыгарганда;

- чыгаша алкоголдук, баңгилик же уулуу заттар менен мас болуу абалында келтирилгенде;

- чыгаша соттун өкүмү менен аныкталган кызматкердин кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында келтирилгенде;

- ушул Кодекске жана башка мыйзамдарга ылайык кызматкерге эмгектик милдеттерин аткарууда келтирилген чыгаша үчүн толук материалдык жоопкерчилик жүктөлгөндө;

- эгерде мындай көрүнүш тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан белгиленсе, администрациялык жоруктун натыйжасында чыгаша чыгарылганда;

- мыйзамдарда каралган учурларда мыйзам тарабынан корголуучу жашыруун сырларды түзүүчү (кызматтык, коммерциялык же башка) маалыматтарды жайылтканда;

- чыгаша кызматкердин эмгектик милдеттерин аткарбаганда чыгаша чыгарылганда.

Материалдык жоопкерчилик келтирилген чыгашанын толук өлчөмүндө уюмдун жетекчиси, анын орун басарлары, башкы бухгалтери менен түзүлгөн эмгек келишиминде белгилениши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [282-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-282)  
Кийинки берене: [284-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-284)
