# 279-статья. Кызматкердин иш берүүчүгө келтирилген чыгаша үчүн материалдык жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-279>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-279.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 279-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-279

---

Кызматкер иш берүүчүгө түздөн-түз келтирилген чыныгы зыяндын ордун ушул Кодексте белгиленген өлчөмдөрдө толтурууга миддеттүү. Алынбай калган кирешелер (текке кеткен пайда) кызматкерден төлөтүлүүгө тийиш эмес. Түздөн-түз чыныгы чыгаша деп иш берүүчүнүн колундагы мүлкүнүн реалдуу азайышы же көрсөтүлгөн мүлктүн абалынын начарлашы (анын ичинде, эгерде иш берүүчү ушул мүлктүн сакталышына жоопкерчилик тартса, иш берүүчүдө турган үчүнчү жактын мүлкү), ошондой эле мүлктү сатып алууга же калыбына келтирүүгө иш берүүчүнүн сарптаган чыгымдары же ашыкча төлөө зарылдыгы түшүнүлөт. Кызматкер иш берүүчүгө түздөн-түз келтирген тикелей чыныгы чыгаша үчүн да, иш берүүчүдө ага башка адам тарабынан келтирилген чыгашанын натыйжасында келип чыккан чыгаша үчүн да материалдык жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [278-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-278)  
Кийинки берене: [280-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-280)
