# 275-статья. Кызматкерди эмгектенүү мүмкүнчүлүгүнөн мыйзамсыз ажыратуунун натыйжасында ага келтирилген материалдык чыгашанын ордун толтурууга иш берүүчүнүн милдети

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 20-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-275>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-275.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 275-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-275

---

Иш берүүчү кызматкерди эмгектенүү мүмкүнчүлүгүнөн мыйзамсыз ажыраткан бардык учурларда, ал албай калган эмгек акынын ордун толтурууга милдеттүү. Мындай милдет, эгерде эмгек акы төмөнкүлөрдүн натыйжасында алынбай калганда келип чыгат:

- кызматкерди жумуштан мыйзамсыз четтеткенде, башка жумушка которгондо же жумуштан бошоткондо;

- иш берүүчү кызматкерге эмгек китепчесин берүүнү кечиктиргенде, эмгек китепчесине туура эмес же кызматкерди жумуштан бошотуунун себебин мыйзамга ылайык эмес баяндап жазганда;

- кызматкерди мурунку жумушуна кайра калыбына келтирүү жөнүндө эмгектик талаш-тартыштарын кароо боюнча органдын же эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы мамлекеттик инспекторунун чечимин аткаруудан баш тартканда же өз учурунда аткарбаганда;

- кызматкердин башка ишке киришине тоскоол болуучу аны жаманатты кылган маалыматтарды кандай ыкма менен болбосун (анын ичинде объективдүү эмес мүнөздөмө берүү жолу менен) таратканда;

- мыйзамдарда жана жамааттык келишимдерде каралган башка учурларда.

---

Мурунку берене: [274-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-274)  
Кийинки берене: [276-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-276)
