# 274-статья. Эмгек келишиминин тараптарынын материалдык жоопкерчилигинин келип чыгуу шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-274>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-274.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 274-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-274

---

Эгерде ушул Кодексте, башка мыйзам актыларында башкача каралбаса, Эмгек келишиминин тараптарынын ушул келишимдин бир тарабынан экинчи тарабына келтирилген чыгаша үчүн материалдык жоопкерчилиги, өзүнүн күнөөлүү укукка сыйбаган жүрүм-турумунун (аракетинин же аракетсиздигинин) жана күнөөлүү укукка сыйбаган жүрүм-турум менен келтирилген чыгашанын ортосундагы байланыштын натыйжасында келип чыгат. Иш берүүчү кызматкерге жоготулган эмгек акысы жана кызматкердин мүлкүнүн жоголушу же бузулушу түрүндөгү чыгашанын, ошондой эле мыйзамда белгиленген учурларда моралдык зыяндын ордун толтурат. Кызматкер иш берүүчүгө анын мүлкүн жоготуу же бузуу түрүндөгү чыгашанын, ошондой эле ашыкча акчалай төлөмдөрдүн ордун толтурат. Мыйзамда белгиленген учурларда уюмдун жетекчиси анын эмгек милдеттерин акниеттүү эмес аткаргандыгынын кесепетинен алынбай калган кирешенин ордун толтурат.

---

Мурунку берене: [273-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-273)  
Кийинки берене: [275-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-275)
